Шашылыш билдирүү! 2-3-сентябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! 2-3-сентябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстанда 2-3-сентябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан шашылыш билдирүүдө айтылгандай бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11…26, күндүз 19…24;

Таласта түнкүсүн 7…22, күндүз 28…33;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…17, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…9, күндүз 15…20;

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…16°, күндүз 19…24°.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>