ШОК! Орусияда бала бакчадагы балдар бир кызды көптөп сабап салды (видео)

ШОК! Орусияда бала бакчадагы балдар бир кызды көптөп сабап салды (видео)

Орусиянын Ярославль шаарындагы бала бакчада жаш кызды бирге тарбияланган балдар көптөп сабап салышкан.

Окуяны коңшу үйдүн тургуну видеого тартып алып, интернетке жарыялаган.

Кызматкерлердин айтымында, окуя балдар ойноо үчүн бакчанын короосуна чыккан учурда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, мугалим окуяны көрүп эч кандай реакция жасаган эмес. Кызды урган жеткинчектердин көпчүлүгү эркек балдар болгон.

Видеодо жерде жаткан кыздын үстүнү бир нече бала чыгып алып, бети жерге тийгенине карабай тепкилеп ургулаганы даана көрүнөт.

“Мен мугалимдердин иш-аракетин күттүм. Тилекке каршы ал менин терезеде турганымды көргөндөн кийин пайда болду. Бала ыйлап жатты, мугалим камырабай келип баланы жатып аласың деп жемеледи”, — деп жазган видеонун автору Никита Макарин.

https://youtu.be/3NHt71R9F9g

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>