Премьер-министр майрамга карата карылар үйүнө барды

Премьер-министр майрамга карата карылар үйүнө барды

Премьер-министр Улукбек Марипов 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалаган.

«Президенттин 8-мартка карата чын дилден чыккан куттуктоолорун билдирем. Ушул жаркыраган майрам күнү ар бириңиздерге чың ден соолук, узак жана бактылуу өмүр, бакубатчылык жана жакшылыктарды каалайм. Аялзаты кылымдар бою үй-бүлөдө ардактуу орун ээлеп, үйдүн куту болуп, балдарды эң бийик адеп-ахлакка тарбиялар, өздөрүнүн акылмандыгы жана боорукердиги менен дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүп келет. Бүгүн ушул залда акылгөй, чыгармачыл, таланттуу айымдар чогулган. Сиздер өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор күч-кубат жумшадыңыздар. Сиздерге терең таазим! Сиздер, бардыгыңыздар – биздин энелерсиздер, биз – сиздердин уул-кыздар, сиздер жалгыз эмессиздер! Ар бирибиз ата-энебизди сүйүп, урматтап, аларга камкордук көрүүгө тийишпиз! Мен  балдардын жана карылардын үйлөрү жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем, балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка курчалып жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз», — деген Улукбек Марипов.

Мекеменин жашоочулары өз кезегинде Өкмөт башчыга жооптуу ишинде ийгиликтерди каалап, ар бирибизге жана жалпы мамлекетибизге гүлдөп-өсүүнү каалашкан.

«Кыргыз эли үчүн адилеттүү, калыс Премьер-министр болуп, мамлекетибизге татыктуу кызмат өтө», — деген жашоочулардын бири.

Премьер-министр ошондой эле социалдык мекеменин кызматкерлерин 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, бакыт-таалай жана иштерине ийгиликтерди каалаган.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынын абалы начар жарандардан кабар алып, алардан ал-жайын сураган.

Кыдыруунун алкагында ал социалдык мекемедеги жашоо шарттары менен таанышкан.

Ведомство тарабынан мекеменин жашоочуларын басуу үчүн скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү  айтылган.

Премьер-министр мекемеге скандинавиялык таяктарды сатып алышарын белгилеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>