Сойкуларды сабап жана тоноп жүргөн кардарлар кармалды

Сойкуларды сабап жана тоноп жүргөн кардарлар кармалды

Алматыда жеңил ойлу кыздарды сабап жана тоноогонго шектүү катары эки эркек киши кармалды. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, алар сойкулардын үйнө кардар катары барып, кабыл алган кыздарды тоноп турган.

“Шектүүлөр кыздарды сабап, опузалоо жолу менен акча, телефон, зер буюмдарын алып кетишкен. Балким, кол салгандар кыздар полицияга арыз жазуудан коркушат деп ойлогондур. Ыкчам кызматкерлер бир нече күндүн ичинде кылмышка шектүүлөрдү аныктап, камакка алышкан. Алар синтетикалык баңги заттарды туруктуу колдонуп турушкан. Учурда кылмышка шектүүлөр, ушул сыяктуу дагы беш кылмыш ишине тийешеси бар экени аныкталды. Кармалган эки жаран тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деген Бостандык районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Думан Аухадиев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>