Сокулук районунун прокурору Бактыбек Сыргаков каза болду

Сокулук районунун прокурору Бактыбек Сыргаков каза болду

Сокулук районунун прокурору Бактыбек Сыргаков каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бактыбек Сыргаков илдеттен улам, кечээ, 9-августта каза тапкан. 

Бактыбек Сыргаков 1963-жылы 28-январда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган.

Ал прокуратурада өз кызматын 1989-жылы тергөөчү болуп баштаган. 

Кемин райондук, Ош шаардык, Ош облустук, Өзгөн райондук, Талас облустук прокуратурасында эмгектенген. Баткен облусунун прокурору, Талас, Ош облусунун прокурорунун орун басары кызматтарын аркалаган.

2019-жылдын февраль айынан тарта Сокулук районунун прокурору болуп иштеп жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>