Сокулукта 14 жашар кыз өз атасынан көз жарган. Шектүү кармалды

Сокулукта 14 жашар кыз өз атасынан көз жарган.  Шектүү кармалды

Сокулук районундагы айылдардын биринде өз кызын зордуктаган деп 53 жаштагы эркек киши кармалганын Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

29-август күнү милицияга Сокулук районунун айылдарынын биринде 14 жаштагы өспүрүм кыз  өзүнүн атасынан төрөгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Кийин ымыркай  башка адамдарга асыроого берилгендиги аныкталган.

Бул факт “зордуктоо” беренеси менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө иштери башталган. Ал эми кылмышка шектүү катары 1966-жылы туулган А.М., аттуу өспүрүмдүн атасы  убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>