Солтон-Сары кенинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Солтон-Сары кенинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу биринчи  вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцисынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Боронов Нарын облусуна барып, анда ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктады.

Кубатбек Боронов өзгөчө белгилегендей, жергиликтүү жашоочулардын койгон талаптары мыйзам чегинде аткарылат. Мындан тышкары кенде бул күндөрү жергиликтүү калктын жана кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу тыкыр тергөө жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, жергиликтүү тургундар аталган аймакта иштеп жаткан кытайлык компания ишин токтотсун деген талаптарды койгон. Ошол себептен компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыккан.  

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>