Сооронбай Жээнбеков Молдованын президенттин Кыргызстанга чакырды

Сооронбай Жээнбеков Молдованын президенттин Кыргызстанга чакырды

Бүгүн, 1-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков  Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуунун алкагында Молдованын президенти Игорь Додон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Молдова менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирип, учурдагы эки тараптуу мамилелердин деңгээли өлкөлөр ортосундагы потенциалга жооп бербей тургандыгын белгиледи. Ал дагы бир ирет Кыргызстан жана Молдованын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүнүн маанисин баса белгиледи.

Ал мамлекет башчыларынын, парламенттердин жана өкмөттөрдүн деңгээлиндеги диалогду активдештирүүнү сунуштап, Игорь Додонду Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Молдованын президенти Игорь Додон дагы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу экономикалык мамилелерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы соода жүгүртүү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча болгону 1,5 млн АКШ долларын түзүп, анча жогору эмес деңгээлде экенинин айтты.

Игорь Додон Кыргызстанга расмий сапар менен келүү боюнча Сооронбай Жээнбековдун чакыруусун кабыл алды жана аны дагы Молдовага сапар менен келүүгө чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>