Сооронбай Жээнбеков Нарындагы дарыгерлерге медициналык каражаттарды жөнөттү

Сооронбай Жээнбеков Нарындагы дарыгерлерге медициналык каражаттарды жөнөттү

Нарын облусундагы дарыгерлерге президент коргонуучу атайын кийим-каражаттар жана дары-дармектерди жөнөттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июлда бул каражаттарды Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов тапшырып, дары-дармектер бейтаптарга шыпаасын берип тезирээк сакайып кетүүсүн тилек кылды.

Президент тарабынан даректелген 1400 даана коргонуучу кийимдер жана көз айнектер, ошондой эле Гепарин препараттары комиссия тарабынан райондорго бөлүштүрүлуп берилмекчи.

Эске салсак, буга чейин Өкмөт тарабынан Нарын облусуна 1 реанимобилдик «тез жардам» автоунаасы, 50 кычкылтек концентратору жана 80 даана өпкөнүн сатурациясын өлчөй турган пульсоксиметр аппараттары берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>