Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти менен жолугушту (фото)

Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти менен жолугушту (фото)

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Жолугушуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында болду.

Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду КМШдагы төрагалыгынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Мындан тышкары мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча жакынкы мезгил аралыгына биргелешкен пландарды белгилешти жана буга даярдыгын билдиришти. 

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>