Сот Космосбек Чолпонбаевдин үй камагынын мөөнөтүн 15-мартка чейин узартты

Сот Космосбек Чолпонбаевдин үй камагынын мөөнөтүн 15-мартка чейин узартты

Сот экс-саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин үй камагынын мөөнөтүн 15-мартка чейин узартты. Бул тууралуу Reporter.kgге райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи Май райондук сотунун токтому менен, шектүү, мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 2020-жылдын 15-ноябрына чейин Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын No21 мекемесине камакка алынган.

Биринчи Май райондук сотунун 2020-жылдын 6-ноябрындагы чечими менен Чолпонбаевге карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү 2021-жылдын 15-январына чейин узартылды.

Айыпталуучунун адвокаты соттун жогорудагы чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Шаардык соттун чечими менен райондук соттун Чолпонбаевге карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узартуу жөнүндө чечими өзгөртүлдү.

Чолпонбаевге карата алдын-алуу чарасы үй камагына алуу түрүндө сотко чейинки өндүрүш мезгилине, башкача айтканда, 2021-жылдын 15-январына чейин колдонулган.

Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 6-январындагы чечими менен Чолпонбаевге карата үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү 2021-жылдын 15-мартына чейин узартылды.

Эске салсак, 2020-жылдын 15-сентябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган. Чолпонбаев элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Ал — мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү болгон. Мурдагы министр кармалган соң Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. 2020-жылдын 22-октябрь күнү №1 тергөө абагынан жүрөгү кармап, ооруканага түшкөн.

Ноябрь айында анын жүрөгүнө операция жасоо керектиги айтылып, кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Чолпонбаев 2018-жылдын 20-апрелинен 2020-жылдын 1-апрелине чейин Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>