Сот Курсан Асановду 2 айга камакка алуу өкүмүн чыгарды

Сот Курсан Асановду 2 айга камакка алуу өкүмүн чыгарды

Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралган. Анда сот Асановду 2 айга, тактап айтканда 26-мартка чейин ЖАМКнын №21 тергөө изоляторуна камакка алуу чечимин чыгарган.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун Асанов октябрдагы башаламандыкта ИИМдин имаратын басып алган деген айып менен камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>