Сот “Кыргыз тудей” сайтын Келдибековго 30 миң сом берүүгө жана талаш жараткан макалаларды өчүрүүгө милдеттендирди

Сот “Кыргыз тудей” сайтын Келдибековго 30 миң сом берүүгө жана талаш жараткан макалаларды өчүрүүгө милдеттендирди

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кыргыз тудей” сайтын парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибековго 30 миң сом (430 доллар) төлөп берип, талаш жараткан макалаларды өчүрүүгө милдеттендирди. Келдибеков бул басылмага каршы былтыр декабрда доо арыз жазган.

Сайттын ээси Бегалы Наргозуевдин айтымында, мурдагы төрага эки макаладагы айрым билдирүүлөрдү төгүндөп, бир миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

— Ал «Коррупцияга айыпталган Акмат Келдибеков», «Акмат Келдибековду коррупцияга айыптап камакка алганда» деген макалалардагы билдирүүлөрдү төгүндөөнү талап кылууда. Биз муну сөз эркиндигине басым деп баалайбыз. Биз да өз жүйөлөрүбүздү айтабыз. Келдибековду «коррупционер» деген жокпуз, «коррупцияга айыпталган» дедик. Анын коррупцияга айыпталганын элдин баары билет, — деп билдирди Наргозуев.

Былтыр күзүндө Бишкектин Октябрь райондук соту Келдибековдун арызынын негизинде «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди ага 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирген. Анда мурдагы төрага гезитте басылган айрым маалыматтар «кадыр-баркыма шек келтирди» деп, «Азия Ньюска» каршы эки арыз жазган. Экөө тең анын пайдасына чечилип, «ар бирине миллион сомдон, жалпысынан эки миллион сом төлөнсүн» деген чечим чыккан.

Акматбек Келдибеков «Коррупция» беренеси менен соттолгон. 2016-жылы мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген. Бир жылдан кийин анын соттуулугу алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>