ССМ: Жаңы мутация болгон вирустарды өлкөгө киргизбөө аракети көрүлүүдө

ССМ: Жаңы мутация болгон вирустарды өлкөгө киргизбөө аракети көрүлүүдө

Бүгүн, 19-январда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот  Үсөнбаев брифингде коронавирустун жаңы штаммдары  Англия, Австралия  жана башка мамлекеттерде чыгып жатканы белгилүү экенин айтты. 

Анын маалыматына ылайык,  мутация болгон вирустардын табылып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар бар . Орусияда 1 миң 500гө жакын мутация болгон учурлары табылгандыгы аныкталып,  изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

“Жаңы мутация болгон вирустарды өлкөгө киргизбөө аракети көрүлүүдө. Айта кетсек, чек арада, өтмөктөрдө санитардык-карантиндик пункттардын иши күчөтүлүп:  дене табы өлчөнүп, анкета толтурулуп маалымат алынууда. Мындан сырткары, жаңы алгоритм иштелип чыккан. Ага ылайык,  биздин өлкөгө келген жарандарда, жарандыгына карабастан  ПЦР изилдөөнүн терс жыйынтыгы тууралуу маалымкат болушу шарт”, — деп билдирди Үсөнбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>