Стамбулдан Бишкекке келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Алматыга конду

Стамбулдан Бишкекке келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Алматыга конду

Стамбулдан Бишкекке келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Алматыга конду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-январда Стамбул-Бишкек каттамы менен келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Алматы шаарындагы аэропортко конгон. Аталган учактын Алматыдан Бишкекке учуусу 30-январда саат 00:45ке пландалган.

Ал эми Стамбул-Бишкек каттамы менен келе жаткан учактын жүргүнчүлөрү тамак-аш жана мейманкана менен камсыз болгон.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>