Статистика: Кумшекердин орточо чекене баалары өсүп жатат

Статистика: Кумшекердин орточо чекене баалары өсүп жатат

Улуттук статистикалык комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктарын жарыялады.

Маалыматка караганда  16-ноябрга карата абалы боюнча кумшекерге болгон баалар өлкө боюнча орточо эсеп менен 68,95 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 15 сомго же дээрлик 27 пайызга жогорулаганын көрсөттү.

Ошол эле учурда, кумшекердин чекене баалары ушул мезгилде орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Кара-Суу (бир кг үчүн 76,48 сом), Ноокат (бир кг үчүн 75,00 сом), Баткен жана Ош (бир кг үчүн 73,72 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Кербен (бир кг үчүн 65,00 сом), Каракол (бир кг үчүн 65,15 сом) жана Токмок (бир кг үчүн 65,39 сом) шаарларында катталды.

Ноябрда өткөн айга салыштырмалуу республикада кумшекердин чекене баалары 1,2 сомго же 1,8 пайызга жогорулады.

Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын өткөн айга салыштырмалуу Кара-Суу — 7,1 пайызга, Балыкчы жана Баткен шаарларында — 4,5 пайызга өскөнү катталды.

Айрым калктуу конуштарында кумшекердин орточо керектөө баалары
(бир килограмм, сом)

2020
Декабрь
 

2021           16 Ноябрь

 

Четтөө:
өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)
2021 Четтөө:
өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)
Октябрь 16 Ноябрь
Кыргыз Республикасы 54,22 68,95 14,7 67,76 68,95 1,2
Каракол ш. 52,26 65,15 12,9 64,71 65,15 0,4
Балыкчы ш. 52,98 66,66 13,7 63,82 66,66 2,8
Кербен ш. 55,00 65,00 10,0 65,00 65,00 0,0
Токтогул ш. 51,61 67,04 15,4 64,95 67,04 2,1
Джалал- Абад ш. 55,66 71,14 155 70,96 71,14 0,2
Чаек айылы, Жумгал району 52,78 68,61 15,8 65,91 68,61 2,7
Нарын ш. 52,35 66,92 14,6 64,29 66,92 2,6
Исфана ш. 57,45 70,00 12,6 70,00 70,00 0,0
Баткен ш. 55,00 73,72 18,7 70,52 73,72 3,2
Кара-Суу ш. 56,00 76,48 20,5 71,42 76,48 5,1
Ноокат ш. 55,00 75,00 20,0 74,51 75,00 0,5
Өзгөн ш. 55,20 70,00 14,8 69,51 70,00 0,5
Покровка айылы, Манас району 54,42 70,00 15,6 67,67 70,00 2,3
Талас ш. 52,68 67,80 15,1 66,35 67,80 1,5
Кара-Балта ш. 49,22 69,55 20,3 69,31 69,55 0,2
Токмок ш. 50,96 65,39 14,4 64,91 65,39 0,5
Бишкек ш. 54,07 68,10 14,0 66,77 68,10 1,3
Ош ш. 57,45 73,72 16,3 72,78 73,72 0,9

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>