Кумтөрдүн айланасындагы соттошуулар сомдун кунун түшүрүшү мүмкүн

Кумтөрдүн айланасындагы соттошуулар сомдун кунун түшүрүшү мүмкүн

Кумтөргө байланыштуу сот отурумдары, анын ичинде эл аралык арбитраждарда, улуттук валютанын кунунун түшүүсүнө кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал белгилегендей, сомдун курсу менен Кумтөр алтын кениндеги иштин ортосунда түздөн-түз байланыш жок. улуттук валютанын туруктуулугуна көптөгөн факторлор таасир этет, Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал башка факторлор менен катар улуттук валютанын наркына таасирин тийгизиши мүмкүн.

“Көптөгөн факторлор таасир этет- чет өлкөдөн келген инвестициялар, акча которулар, капиталдын чыгышы, экономиканын абалы. Мындан сырткары, сомдун кунуна таасир эткен тышкы факторлор бар. Мисалга, АКШнын Федералдык резерви тарабынан кабыл алынган эсептик чен боюнча чечимдер жана импорттук инфляция бар”, — деди Абдыгулов.

Белгилей кетсек, бийлик «Кумтөр Голд компани» иш канасын салык төлөбөгөнүнө жана экологияны талкалаганы үчүн сотко кайрылган. Учурда компанияга сырттан башкаруу киргизилип, Centerra Gold Inc. компаниясы жетектөөдөн четтетилген. Анын жетекчилиги эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров, Кумтөр менен соттошу үчүн бардык далилдер бар экенин, компания сүйлөшүүгө чакырып жатканын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>