Сулайманов: Экономиканы урандан эмес башка жактан издегиле (видео)

Сулайманов: Экономиканы урандан эмес башка жактан издегиле (видео)

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланып жатат.

Жыйында өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатышат. Депутат Алтынбек Сулайманов эл өкүлдөрүнө жана өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, уран казуудан экономиканы издөөнүн кереги жок экенин айтты.

“Бүгүнкү күнгө чейин калдык сактагыч жайларды жабууга өзүбүздүн күчүбүз жетпей, дүйнөдөн, бүт жактан акча сурап жатабыз. Бизге келип акылдуу болуп, экономиканы үйрөтпөй эле койгула. Бүт дүйнө экология менен күрөшүп жатат. Экономиканы өзүңөр түшүнүп алып, «инвесторлорго, экономикага зыян келип атат» дегенди башка жактан издегиле. Уран деген адамзатка зыян экенин кантип түшүнбөйсүңөр?! 50 жыл мурун эмнеге жабылды эле? Анын зыянын азыр да тартып атабыз”, — деди Сулайманов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш май айынын башында Кыргызстандын бардык аймагында уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган токтом кабыл алган.  Андан соң уран казууга таптакыр тыюу салган мыйзам долбоор иштелип чыккан. 

Видео: Жогорку Кенеш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>