Сулайманов: Мамлекет элди жумуш менен камсыз кыла албаган соң патент талап кылбасын

Сулайманов: Мамлекет элди жумуш менен камсыз кыла албаган соң патент талап кылбасын

Өз алдынча иштеп жаткандарды ыктыярдуу патенттен бошотушубуз керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Мамлекет элин жумуш менен камсыз кыла албаган соң, “өгүз өлбө, араба сынба” деп таксиде иштеп, базарда байпак сатып ж.б. иштер менен жанын багып жаткандардан патент талап кылбасын. Ошондо 165 миң үй-бүлө ашыкча чыгымга учурабайт”, — деген ал.


Белгилей кетсек, Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин 29-октябрдагы комитет жыйынында Экономика министри Санжар Муканбетовко кайрылып, патентти жоюп салууну сунуштаганын super.kg порталы жазып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>