Сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өрт кырсыгы катталган аймактар: Бишкек 3, Ош шаары 2, Чүй облусу 1, Жалал-Абад 2, Баткен облусу 1, Ысык-Көл облусу 1, Ош облусу 1.

Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын короосунда таштанды күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себептер менен Учкун кичи районунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>