Суусамыр жайлоосунда калың кардан 200 баш кой, 4 жылкы өлдү (видео)

Суусамыр жайлоосунда калың кардан 200 баш кой, 4 жылкы өлдү (видео)

Суусамыр жайлоосунда кардын калың жааган кесепетинен 200 баш кой өлдү. Бул тууралуу интернетке видеолор тарап жатат.

Интернетке жарыялаган видеонун автору 200дөй баш өлүп жатканын айтты. Суусамыр ашуусунан баспай калып жоголгондор да болгон. Жайыт пайдалануучулар тоо башынан түшө албай чыгымга учураган.

Ал эми ӨКМдин тараткан маалыматында 10-сентябрь күнү Сандык жайлоосунан 5 чабан 3500 баш кой менен Суусамырга  көчүрүлүп келинген. Ошол эле күнү 500 баш кой жана 4 жылкыны түшүргөн учурда 200 баш кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда өлгөн, калган 300 баш кой Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилген.

11-сентябрь күнү боз үйлөрүн көчүрүп келүү максатында ӨКМнин Жайыл районунан Ыкчам топ Урал унаасы менен Сандык жайлоосуна барышып, чабандардын 1 каттам тиричилик буюмдарын көчүрүп келишкен.

12-сентябрь Сандык жайлоосунан 2 боз үйдү Биринчи Май айылынын Жолго тилкесине  көчүрүшүп, ошондой эле 3 чабандын үй-бүлөөсүн Суусамыр а/а имаратына алып келишкен. Ал эми, 4 чабан 150 жылкысы менен Арамза жайлоосундагы күрткүдөн аман-эсен өтүшүкөндүгүн жана аталган жайлоодо болжол менен 7 чабан мал-жандыктары менен калып кеткенин телефон аркылуу кабарлаган. Көчүрүү иш-чаралары бүгүн дагы улантылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>