Сузакта өз агасынан төрөгөн өспүрүм кыз ымыркайдан баш тартты

Сузакта өз агасынан төрөгөн өспүрүм кыз ымыркайдан баш тартты

Сузактагы бир тууган агасынан көз жарган 16 жаштагы окуучу кыз ымыркайдан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, азыркы тапта наристн таежесинин колунда.

Алдын ала маалыматка ылайык, кыздын кош бойлуу экенин эч ким билген эмес. Толгоосу башталганда агасы Сузактагы аймактык ооруканага “сокур ичеги болуп калды” деп алып келген. Аталган оорукана кабыл албаган соң өспүрүм төрөтканага барып көз жарган

Буга чейин, аталган өспүрүм кыздын бир тууган агасынан кош бойлуу болуп жакында эле көз жарганы белгилүү болгон. Сузак райондук соту кыздын агасын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>