Сузакта бир үйдөн түтүнгө ууланып 3 наристе чарчады

Сузакта бир үйдөн түтүнгө ууланып 3 наристе чарчады

Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөттүнүн Кызыл-Сеңгир айылында 3 жаш өспүрүм иске ууланып чарчады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя, 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү болгон. Балдардын энеси оор абалда ооруканада экени айтылууда.

Көз жумган балдар 6 жашта, жана 4 жаштагы эгиз балдар болгон.

Учурда Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча маалым берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>