Сузакта “Хово” оодарылып кетип, айдоочусу ооруканага түштү, – сүрөттөр

Сузакта “Хово” оодарылып кетип, айдоочусу ооруканага түштү, – сүрөттөр

Сузакта оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочусу ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Сузак районунда бүгүн, саат 00:10дор чамасында болгон. Анда Жалал-Абад-Тогуз-Торо унаа жолунун 62-чакырымында “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 42 жаштагы айдоочу жаракат алып, “Тез жардам” кызматы аркылуу ооруканга жеткирилген.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар, жол кырсыгына учураган автоунаада буту кыпчылып калып чыга албай отурган 37 жаштагы жүргүнчүнү алып чыгышкан.

[su_image_carousel source=»media: 41489,41487,41486,41485″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>