Сузакта «Кадастр» ишканасынын жетекчиси камакка алынды

Сузакта «Кадастр» ишканасынын жетекчиси камакка алынды

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сузактагы филиалынын башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» ишканасынын Сузактагы филиалынын жетекчиси «С.З.Т.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делинип, камакка алынды.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарына жасалма буйруктардын негизинде турак-жай куруу үчүн жер тилкелери трансформациясыз берилген. Буга карабастан «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сузак филиалынын жооптуу кызматкерлери жеке материалдык кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында, жеке менчик укугуна күбөлүк беришкен.

Материалдар сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын башчысы «С.З.Т.» Джалал-Абад шаардык ШИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>