Сыймык Жапыкеев жол тандабасы тууралуу айтып берди — видео

Сыймык Жапыкеев жол тандабасы тууралуу айтып берди — видео

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев социалдык тармактардагы баракчасында өзүнүн Toyota Land Cruiser унаасы жөнүндө айтып берди.

Ал бул унаасын эки жылдан бери айдай турганын, экинчи машинасы дагы бар экенин билдирди.

Жапыкеев ошондой эле уюлдук Megacom компаниясынан iPhone алгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Ага “Мегаком” Жаңы жылга карата календарь жана куттуктоо баракчасын жөнөткөн.

«Биз iPhone’го алданбайбыз, эски бийлик алданган эмеспиз, анан телефонго алданмак белек. Азыр биз иштеп жатабыз, Бороновду, Абылгазиевди суракка алып жатабыз. Мүмкүнчүлүк болсо, биз пандемия менен иштейбиз, буга чейин Каржы полициясы жөнүндө ким билген? Азыр тонналаган мөөнөтү бүткөн шоколаддарды балдарга саткан кампаларды таап жатабыз. Транспорт министринин орун басары камакка алынды, сот аны бошотту, анткени келишим боюнча 2,5 миллион сомдук зыянды төлөп берди, сот дагы инвесторлорду алдаган шылуунду бошотту, 600 миң доллар зыян бар, биз жакында апелляциялык арыз беребиз», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>