Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте «Репродукция человек» илимий борборунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үч эмдин энеси Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну борборго 13-январда кош бойлуулуктун 35-жумасында түшкөн. Ошол эле күнү преэклампсия оорусуна байланыштуу шашылыш түрдө келинди кесарево жолу менен төрөткөн.

Бир эркек (2 килограмм 150 грамм) жана эки кыз (2 килограмм 250 грамм жана 1 килограмм 850 грамм) төрөлгөн.

«Операция техникалык кыйынчылыктарсыз өттү. Учурда көз жарган эне реанимация бөлүмүндө, абалы туруктуу. Балдар бөлүмүндө жаткан ымыркайлардын абалы орточо туруктуу. Эне жана балдардын абалына динамикалык мониторинг жүргүзүлүүдө», — дейт репродукция борборунун директору Нургүл Шоонаева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>