Күйөөсүн атып өлтүргөн аял сот тарабынан акталды — видео

Күйөөсүн атып өлтүргөн аял сот тарабынан акталды — видео

Түркияда сот күйөөсүн атып өлтүргөн 30 жаштагы аялды актаганы коомдо чоң резонанс жаратты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын январында аялын бир нече саат бою сабап, эки кызын өлтүрөм деп коркуткандан кийин, Мелек Ипек күйөөсүн атып өлтүргөнүн билдирген.

Маалыматка таянсак, Анталия соту аял өзүн коргоону көздөгөндүктөн, көптөгөн жылдар бою үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балдарынын көрсөтмөлөрүн эске алуу менен, кылмыш ишинин курамы жок деген чечим чыгарган.

“Менин тажрыйбамды сүрөттөө мүмкүн эмес. Мен эч качан жолдошумдун өлүшүн каалаган эмесмин. Мени колдогондордун бардыгына ыраазычылыгымды билдирем”, – деген акталып чыккан Мелек Ипек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>