Түркияда кыргыз жараны 4 жаштагы кызды зордуктоого айыпталууда

Түркияда кыргыз жараны 4 жаштагы кызды зордуктоого айыпталууда

Түркиянын Кушадасы шаарынын полициясы 27 жаштагы кыргыз жаранын 4 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары кармады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, кичинекей кыз шектүүнүн аялынын эки бир тууган эжесинин кызы болот. Айыпталып жаткан жаран Орусиядан жаңы гана Кушадасы шаарына көчүп барып, аялынын эжеси менен бир көчөдө жашап калышкан.

Жабырлануучу кыздын апасынын айтымында, ал өткөн күнү түндө ойгонсо жанында жаткан кызы жок экенин көргөн. Ал ошол эле жерден сиңдисине телефон чалган. Кызы алардыкында экенин билип, аны алып келип берүүнү суранган. Кызынын тынчсызданып жана коркуп жатканын көргөн апасы эмне болгонун сураган. Ал жездеси зордуктаганын айтып берген.

Окуя болгон жерге келген полиция шектүүнү кармап кеткен.

Ал буга чейин ар кандай кылмыштар менен 4 жолу сот жоопкерчилигине тартылганы жана соттун чечеими менен Сёке абагына камалганы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>