Түркияда мейманканадагы жашыруун бөлмөдөн кыргызстандык сойкулар табылды

Түркияда мейманканадагы жашыруун бөлмөдөн кыргызстандык сойкулар табылды

Түрк полициясы мейманканадан интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун бөлмөнү тапты. Анда полиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда аялдар жашынып калышкан. Бул тууралуу чет элдик Dailu Star басылмасы жазды.

Аталган басылма жазгандай, полиция мейманкананы бир учу менен тинтүүгө келген. Алгач укук коргоо органдарынын кызматкерлери эч нерсе таба алышкан эмес, бирок алардын көңүлүн батарейка бурган. Кыздар рейд учурунда жашыруун бөлмөгө кирип, ал батарейка менен тешикти жашырып турушкан.

Төшөк жана раковинасы бар караңгы бөлмө бар болгон. Ал жерден үч кыз табылган. Алардын экөө Кыргызстандан, бирөө Молдовадан келген.

Аталган өлкөдө мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөткөндөргө кылмыш иши козголот.

«Мейманкана ээлери мыйзамсыз кызмат көрсөткөн деп айыпталууда. Түркиядагы сойкулук мыйзамдуу, бирок сойкуканада сексуалдык кызмат көрсөткөндөр каттоодо турушу керек. Ошондой эле инсандык күбөлүгү бар экендигин жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларга байланыштуу медициналык кароодон өтүп турушкандыгын тастыктаган атайын лицензия талап кылынат», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>