Түркиялык ишкана «Манас» аэропортуна жардам көрсөтөт

Түркиялык ишкана «Манас» аэропортуна жардам көрсөтөт

Түркиялык ишкана «Манас» Эл аралык аэропортуна жардам көрсөтөт. Бул тууралуу аталган аэропорттун маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өнөктөштүк мамилелердин алкагында түркиялык «ГАТА Хава Йоллары» (GATA HAVAYOLLARI VE TASIMACILIK A.S» жана «Манас» Эл аралык аэропорту» ААК ортосунда кайтарымсыз негизде медицина жабдыктарын жана каражаттарын берүү боюнча келишим жетишилген.

Аэропорттун басма сөз кызматы кабарлагандай, келишимдин алкагында медициналык жабдыктар түрүндөгү биринчи партия келген:

Aero RAD UVC FAN-15 аба циркуляторунан 10 даана;

Пульсоксиметр 10 даана;

Respirox SZ-5AW Oxygen Concentrator кычкылтек концентратору 10 даана.

Ошондой эле медициналык жабдыктардын жана каражаттарынын экинчи партиясы дагы күтүлүүдө.

Медициналык жабдыктар менен каражаттар «МЭА» ААКнын аймагында ачыла турган стационарда колдонулат. Стационарда аэропорттун кызматкерлерине жана жардамга муктаж жарандарга жардам көрсөтүлөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>