Түркмөнстан коомдук жайларын августка чейин жапты

Түркмөнстан коомдук жайларын августка чейин жапты

Түркмөнстанда ири соода борборлор, базарлар, театрлар, кызмат көрсөтүү ишканалары, сейил бактар жана спорттук жайлар 1-августка чейин жабылды.

Маалыматка караганда, ресторандар, ашканалар жана башка коомдук тамактануу жайлары тамак-ашты үйгө жеткирип берүү шарты менен иштеши керек. Мындан тышкары эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралык сакталышы зарыл.

Бийлик мындай чараларды жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери менен түшүндүрүүдө.

Мындан бир канча күн мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Түркмөнстанга келип кеткен өкүлдөрү Ашхабадды бир катар чараларды көрүүгө чакырган.

Өлкөдө 14-июлдан тартып жүргүнчүлөр үчүн темир жол каттамдары токтотулган. Өткөн жумада саламаттык сактоо тармагынын адистери жарандарга беткап кийүү керектигин эскертишкен.

Түркмөн бийлиги бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>