Түркмөнстанда мечиттер менен чиркөөлөр убактылуу жабылды

Түркмөнстанда мечиттер менен чиркөөлөр убактылуу жабылды

Түркмөнстанда мечиттер, чиркөөлөр жана мусулмандар зыярат кылган ыйык жайлар убактылуу жабылды.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Дин иштери боюнча кеңешиндеги өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жайлар «жугуштуу оорулардын жайылуусунун алдын алуу чарасы катары» жабылды. Азырынча алардын качан ачылары тууралуу маалымат жок.

Булактын айтымында, мечиттерде мурдагыдай эле азан айтылып, элге намаз убактысы тууралуу кабар берилип турат.

6-июлда Түркмөнстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) миссиясы келгенден кийин бийлик бир нече чектөөлөрдү киргизген: аймактар ортосундагы темир жол жана автобус каттамдары токтотулуп, жарандар беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирилген. Мындан тышкары бир катар соода жайлар менен базарлар жабылган.

15-июлда ДССУнун эксперттери Ашхабадда өткөн басма сөз жыйынында Түркмөнстанда COVID-19 жуктургандар жок экенин ырастап, өлкөнүн илдетке каршы күрөшүүгө даярдыгын жогору баалашты. Ошол эле маалда миссиянын башчысы түркмөн бийлигин «өлкөдө коронавирус инфекциясы бар сыяктуудай» аракеттерди көрүүгө чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>