Түрмөдөн качууга аракет кылган адам атып өлтүрүлдү

Түрмөдөн качууга аракет кылган адам атып өлтүрүлдү

Душанбедеги №4 түрмөдөн качууга аракет кылган адам атып өлтүрүлдү. Окуя 21-октябрга оогон түнү болгон, бирок бул тууралуу дүйшөмбү күнү гана белгилүү болду.

«21-октябрда камактагылардын бири түрмөдөн качууга аракет кылып, дубалга жармашып чыга баштаган. Күзөтчүлөрдүн талабына баш ийбей койгондуктан, ок атылып ал өлтүрүлгөн. Абак кызматкерлеринин бири снаряддын сыныгы тийип жарадар болгон», — деп жазылат маалыматта.

Жаракат алган күзөтчү шаардык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, ок атылган маалда снаряддын сыныктары анын далысына тийип, эс-учун жоготкон, учурда абалы жакшы.

Тажикстандын тарыхында камактагылар абактан жапырт качкан эң ири учур 2010-жылы 23-августта катталган. Анда 25 адам бир нече күзөтчүнү өлтүрүп, өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагынан качып кетишкен. Аларды колго түшүрүү операциясы 2011-жылга чейин созулуп, жыйынтыгында сегизи өлтүрүлүп, калганы кайрадан камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>