ТҮЗ ЭФИР! Абанын булгануусуна нааразы болгондор экономика министрлигинин алдында митингге чыгышты

ТҮЗ ЭФИР! Абанын булгануусуна нааразы болгондор экономика министрлигинин алдында митингге чыгышты

Өлкөгө абаны булгаган сапатсыз күйүүчү майларды киргизүүнү токтотуу талабы менен адамдар Экономика министрлигинин алдында митингге чыгышты.

Буга чейин адистер Кыргызстандын Экономика министрлиги ЕЭКке Бензиндин жана дизелдик отундун сапатын жөнгө салуучу Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин аткарылышын 2025-жылга чейин узартуу өтүнүчү менен кайрылганын айтып чыгышкан.

Митингге чыккандар министрликтен аталган өтүнүчүн кайра чакыртып алууну талап кылышууда. Учурда митингге 5-6 адам катышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>