Түз эфир. Камчыбек Ташиев Савайдын тургундары менен жолугушууда

Түз эфир. Камчыбек Ташиев Савайдын тургундары менен жолугушууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн тургундары менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуп жатат.

Жергиликтүү тургундар буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы тоого төрт боз үй тигип, Кыргызстандын желегин илишип, митингчилер УКМКнын башчысы менен жолугушууну талап кылышкан.

Ташиев эл менен жолугушуу учурунда бир метр жер дагы Өзбекстанга берилбей тургандыгын айтты.

«Эгерде биз бере турган болсок бир гана алмашуу жолу менен беребиз. Жөн эле ызы-чуу чыгара берүүнүн кажети жок. Ким бул ишти уюштуруп, чагымчылдык кылып жатканын билем, анткени менин кайда иштээримди силер билесиңер», — деди УКМКнын башчысы.

Кара-Суу районундагы 50 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берүүнүн айланасындагы кырдаал жергиликтүү элди тынчсыздандырууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>