Табылды Акеров: Партиялык тизмеде 30-орун 100 миң долларга бааланууда

Табылды Акеров: Партиялык тизмеде 30-орун 100 миң долларга бааланууда

Партия лидерлери мандат жана кызмат орундарды сатып бизнес кылууда. Мындай пикирин саясат талдоочу Табылды Акеров билдирди.

Ал азыр саясий партиялар идеологиялык, көз караштардын биримдиги эмес, кызмат жана кыргыздын кен байлыгын саткан соодагерлердин биримдигине айланганын айтат.   

“Кыргызстанда шайлоого бараткан саясий партиялардын лидерлери жаңы коррупциялык системаны түзүп жатышат. Өлкөдөгү кен байлыктар, алтын кендери, өкмөттөгү ар бир кызмат орду соодага түшүп жатат. Партиянын тизмесиндеги 30-орун 100 миң долларды чапчыды. Эгер депутат болбой калсаң, анда 100 миң доллар турган каалаган кызматы алсаң болот деп соодалашып жатышат. 100 миң долларга эсеп палатасынын кызматкеринин орду келет экен.

Тизмедеги 30чу орун 100 миң доллар турса, анда партиянын лидери 30 орунду сатуу менен канча миллион долларды чапчып жатат. Партия түзүү, партияга ээ болуу бизнеске айланды. Саясий пратиялардын лидерлери өлкө, элди ойлобой, парламентке келбей жатып, өлкөдөгү кен байлыктарды, өкмөттөгү орундарды алып берем деп соода кылып, кыргыз элинин, биздин балдарыбыздын келечегин сатып жатышат”, — дейт саясат талдоочу. 

Белгилей кетсек, күзүндө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо белгиленген. Ага катышууга ниетин 44 саясий партия билдирип, БШКга өздөрүнүн документтерин жиберген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>