Талант Жанталиев: Макибайыма 60 жашты ыраа көрбөптүр

Талант Жанталиев: Макибайыма 60 жашты ыраа көрбөптүр

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиевдин көзү тирүү болгондо бүгүн, 3-марта 60 жашка чыкмак. Бул тууралуу анын биртууганы Талант Жанталиев «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Кудай-таала Макибайыма/Бопушка/60 жашты ыраа көрбөптүр, бүгүн 60 жашка чыгып, эл тойлогон тойду тойлобойт  беле, убада берип койдум эле, мен өткөзүп берейин деп…», — деп эскерди ал.

Марат Жанталиев калың элге Бопуш деген ат менен таанылган. Ал өткөн жылдын 9-июнунда 59 жашында көз жумган. Анын өлүмүнө өнөкөт оорусу себеп болгон.

Белгилей кетсек, Марат Жанталиев 2017-жылы “Саякбай” фильминде улуу манасчынын ролун жараткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>