Талапкер Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты (ВИДЕО)

Талапкер Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты (ВИДЕО)

Жогорку Кеңештин депутаттыкка талапкер абактагы Равшан Жээнбековдун тарапташтары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун алдында митингге чыгышты. Анда бир катар талаптар жазылган плакаттарды кармап алышкан. Ондон ашык киши чыкты.

Алардын негизги талабы, Жээнбековду талапкер катары телеканалдардагы бекер эфирин пайдаланууга уруксаат беришин суранып жатышат.

Буга чейин анын адвокаты Замир Жоошев Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна тиешелүү өтүнүч кат жолдогон.

 

Экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди Кой-Таш айылында кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Ал Жогорку Кенештин депутаттыгына №16 Ленин округунан талапкер болуп катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>