Талас: Каттуу шамалдан бир кишини терек басып калып мерт кетти

Талас: Каттуу шамалдан бир кишини терек басып калып мерт кетти

Кечээ, 17-ноябрь күнү саат 14:30 чамаларында Таласта катуу шамал болуп, анын кесепетинен бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Талас айылында жайгашкан Цыренин атындагы орто мектебинин спорт залынын 120 метр чарчы тунукеден чатырын учурган, Көк-Дөбө айылындагы Дүйшенбиев атындагы орто мектебинин 30 метр чарчы чатыры учкан жана Покровка айыл аймагынын Бала-Саруу айылынын “Бала-Саруу” орто мектебинин чатырынын 100 метр чарчы жери жабыркаган.

Мындан сырткары Үч-коргон аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан Рахманбердиев атындагы орто мектептин 120 метр чарчы чатыры жабыркаган», — деп жазылат маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен эки терек кулап, 1975-жылы туулган Т.З.А. аттуу жаран каза болду.

Кара-Буура районунун метеостанциясынын маалыматы боюнча райондун аймагында шамалдын ылдамдыгы 20-25 м/с түзгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>