Талас шаарындагы “3-каналдын” кеңсеси өрттөлдү — сүрөттөр

Талас шаарындагы “3-каналдын” кеңсеси өрттөлдү — сүрөттөр

Талас шаарындагы “3-канал” деп аталган телеканалдын кеңсесин өрттөп кетишкен. Бул тууралуу аталган телеканалдын  жетекчиси Жаннат Токтосунова билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Кырсык бүгүн 7-июнда болгону айтылды.

Телеканалдын жетекчиси кеңсе атайын өрттөлгөнүн, бардык техникалар күйүп кеткенин билдирген.

“Атайын жасалган иш деп ойлоп турамын, себеби терезени сындырып, өрт чыгаруучу каражатты ыргытышыптыр. Эмнеге байланыштуу экенин билбейм. Эч ким менен деле чырдашкан эмеспиз”, — деди Токтосунова.

Окуя боюнча милицияга кабарлашкан. Азырынча укук коргоо органдары расмий кабар тарата элек.

“3-канал” – Талас облусунда 2017-жылдан бери иштеп келатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>