Талас шаарынын вице-мэри мэрияны сотко берди

Талас шаарынын вице-мэри мэрияны сотко берди

Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев мэрияны сотко берди. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине ал өзү билдирди.

Вице-мэрдин мыйзамсыз жумуштан алындым деп эсептегини анын бул кадамга баруусуна себеп болгон.

Мен 6-июнда эмгек өргүүгө кеткем. Мэр мага: «эмгек орууго чыга турган болсоң, өз каалооң менен жумуштан кетүү тууралуу арызыңды да кошо жаз» деди. Мен ага чейин Бишкекке башка жумушка которулуу жөнүндө ойлонуп жаткам. 6-июндан 5-июлга чейин эмгек өргүүгө, 8-июлдан тарта оз каалоом менен жумуштан кетүү тууралуу эки арыз жаздым. Бирок отпускам бүтө электе, 3-июль күнү мэрге келип жумуштан кетпей турганымды айтып, кайра арыз таштадым. Ооруп жаткандыгыма байланыштуу 12 күн ооруканага жатып, жумушка келсем ээлеген кызматыман бошотуп коюшуптур. Анан сотко бердим. Мен таламымды талашам.

Курманалиев мэриянын мындай чечимине макул эместигин айтып Талас шаардык сотуна кайрылганы белгилүү болду. Жагдай боюнча мэриядан маалымат алуу азырынча мүмкүн болбой жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>