Таласта 2 жашар наристе дарыяга агып кетти

Таласта 2 жашар наристе дарыяга агып кетти

Таласта 2 жашар наристе дарыяга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМга кечээ, 12-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында Талас дарыясына 2019-жылы туулган А.Р. аттуу бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн 14-апрель күнү издөө иштери улантылып, жалпы 19 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган.

Учурда издөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>