Таласта аткезчилик жол менен күйүүчү май ташыган автоунаа кармалды

Таласта аткезчилик жол менен күйүүчү май ташыган автоунаа кармалды

Талас облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу май ташып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычына жакын жерден «Мерседес-Бенц» унаасы токтотулган. Унааны текшерүүгө алганда эч кандай тиешелүү документтери жок 3 тоннага жакын АИ-92 маркасындагы бензин табылган.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, мамлекетке келтирилген чыгымдын суммасы такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>