Таласта кыз ала качуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Таласта кыз ала качуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Таласта милиция кызматкерлери кыз  ала качууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери студенттер арасында кыз ала качууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча ар кандай маселелерди камтыган тегерек стол уюштурду. Иш-чарага акыйкатчынын облусутагы өкүлү, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун өкүлчүлүгү, ички иштер кызматкерлери жана колледждин студенттери  катышышкан.

Тегерек столдун  башталышында атайын даярдалган видеоролик  көрсөтүлүп, студенттер арасында кызуу талкуу болгон. Студенттердин суроолоруна  компетенттүү  адамдар  жооп берип, кыз ала качуу кылмыш экендиги жөнүндө кенен түшүндүрмө беришкен. Милиция кызматкерлери  мыйзам боюнча ала качууга кандай жазалар каралганын, укуктук тартип боюнча кандай чара көрүш керек экендиги жөнүндө маалыматтарды берип, студенттердин ар бир суроосуна жооп берген.

Тегерек столдо ар кандай маселелер көтөрүлүп, жаштар кылмыштуулукка каршы жана ар бир адам бактылуу болууга акысы бар экендигин билдиришкен. Облус аймагында кыз ала качууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча  профилактикалык иш-чаралар уланары айтылат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>