Таласта милиция кызматкерлери сыйланды

Таласта милиция кызматкерлери сыйланды

Талас облустук ички иштер башкармалыгында тергөө  бөлүмүнүн  уюшулган күнүн белгилөө аземи өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрель күнү Тергөө  бөлүмүнүн  уюшулгандыгына 58 жыл толгондугуна  байланыштуу  ошол кызматта  эмгеги сиңген жана жыйынтыктуу көрсөткүчтөрү менен айырмаланган татыктуу кызматкерлер сыйланды.

Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов  жана башка жетекчилер куттуктоо сөздөрүн айтып, ИИМдин төш белгилерин, медалдарын жана ардак грамоталарды тапшырды.

“Сыйлык  алуучулардын арасында  ички иштер органында 15, 20 жылдан ашуун тергөө кызматында иштегендер бар. Жаш жана билимдүү кызматкерлер да арбын. Алар Конституцияны, Кодекстерди, башка мыйзамдарды жетекчилик кылуу менен адамдардын укуктарын коргоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>