Таласта ымыркайлардын өлүмү жогору болууда

Таласта ымыркайлардын өлүмү жогору болууда

Таласта ымыркайлардын өлүмү боюнча көрсөткүч жогору болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Талас шаарынын мэриясында 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында маалым болгонун «турмуш.кг» жазды.

Талас облустук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Кыял Карагулованын маалыматында, ымыркайлардын өлүмү энесинин кан аздуулугу, бөйрөк оорулары себеп болуп жатат.

«Биз ошол факторлордон улам бул көрсөткүчтү төмөндөтө албай жатабыз. Быйылкы жылы энелердин өлүмү катталган жок. Эң эле көйгөй – бул кадрлардын жетишсиздиги. Бүгүнкү күндө 22 дарыгер жетишсиз», — деди Карагулова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>