Таластын тизгини Токторбаевдерге тийди

Таластын тизгини Токторбаевдерге тийди

Талас облусундагы Өкмөттүн өкүлү болуп Нуркан Токторбаев, ал эми шаар башчысына Адилет Токторбаев эл тарабынан дайындалганы кабарланды.

Губернаторлукка келген Токторбаев 2015-жылдары губернатордун жардамчысы, кийин Бакай-Ата районунда акимдин орун басары болгон. Ал эми калаа башчынын кызматын аткармай болуп жаткан Токторбаев жеке ишкерлик менен алектенчү. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого “Республика” партиясынан депутаттыкка талапкер болгон.

Өлкөдөгү соңку кырдаалдан соң Марат Мураталиев 6-октябрда кызматын таштап кеткен. Буга чейин “Республика” партиясынын дагы бир талапкери Кубат Болоткановдун облусту башкаруу ниети бар экени айтылып жаткан. Бирок жергиликтүү активисттер ага макул болбой, бир сутка акимчиликти курчап турушкан.

Таластагы Ак үйдүн алды азыркы тапта да тосмолор менен курчалып турат. Тегеректеп 100гө жетпеген адам жүрөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>