Тарых музейинин ачыла турган так күнү белгилүү болду

Тарых музейинин ачыла турган так күнү белгилүү болду

Ушул ишемби, 20-ноябрда Улуттук тарых музейи реставрациялангандан кийин расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

«Биринчи он күндүктө 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык каалоочулар музейге бекер кире алышат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен музейге барууда беткап кийүү жана санитардык нормаларды сактоо милдеттүү», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Музейге кирүү алдында жарандар зыярат кылуу тартиби жана экскурсия талаптары менен тааныша алышат.

Тарых музейи беш жылдан ашык убакыт мурда оңдоп-түзөө үчүн жабылган. Ошол учурда ишти аткарып жаткан чоң кызматтагылар одоно мыйзам бузууларга жол беришкен. Тактап айтканда, экс-премьер-министр Сапар Исаков музейди реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча соттолгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>