Таш-Көмүрдө 60 метр бийиктен кулаган автоунаада Өзгөндүн тургундар бараткан, — сүрөттөр

Таш-Көмүрдө 60 метр бийиктен кулаган автоунаада Өзгөндүн тургундар бараткан, — сүрөттөр

Бишкек-Ош унаа жолунун Таш-Көмүр шаарына жакын жерде жолдон чыгып, дарыянын  жээгине кулаган автоунаада Өзгөн районунун тургундары бара жаткан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Тойота-Виш” үлгүсүндөгү автоунааны Өзгөн районунун Дүптүл айылынын 30 жаштагы А.А. аттуу тургуну айдап бара жаткан.  Ал рулга ээ боло албай калып, жолдун жээгине чыгып, 60 метрдей ылдый Нарын дарыясынын жээгине тоголонуп кеткен.

Натыйжада автоунаада бара жаткан Дүптул айылынын 25 жаштагы А.Т. аттуу тургуну 1 жаштагы кызы менен жана Өзгөн районунун Адыр айылынын Б.Ж. аттуу 17 жаштагы тургуну каза тапкан. 

Ал эми айдоочу жана жүргүнчү катары бара жаткан 4 жашар уулу жаракат алып Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген. 

[su_image_carousel source=»media: 39683,39684,39685,39686,39687″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>